Биз менен байланышыңыз

Быйыл 3 айда баңги кылмышы боюнча 30 факты катталды

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 360 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында Мамлекеттик бажы кызматынын баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү бөлүмдөрү башка укук коргоо органдары менен биргеликте баңги кылмышы боюнча 30 факты аныкташты.Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкү баңгизаттар алынган:

— марихуана 48 кг 304 гр 89 мг;

— гашиш 45 кг 833 гр 25 мг;

— апийим 2 гр 91 мг;

— психотроптук каражаттар 450 гр.

Былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып коюу 57,9% га көбөйгөн.

Өткөн жылы баңги кылмышынын 19 фактысы аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM