Биз менен байланышыңыз

Ичкен суусунун ууланышынан чочулаган эл президентке кайрылды (видео)

Коом , Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 2976 | 3

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айыл өкмөтүнүн эли Лейлектеги Козу-Баглан дарыясын коргоо максатында чогулуп, президентке кайрылуу жасады. Алардын айтымында, эл ичкенге, малын, эгинин сугарганга колдонгон дарыя уулануу алдында турат.

«Урматтуу өлкө башчысы, сиздерге соцтармактар аркылуу кайрылганга туура келди. Биздин дарыя уулануу, булгануу коркунучу астында турат. Дарыянын башында 62 миң гектар жерди ээлеп алган алтын компаниясы элдин уруксаты жок, бийлик менен биздин тоолорубузга киргени жатат. «Бийлик тарабынан, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер башталып кетеби?» — деп, эл чочулоо алдында турат.  

Президент бийликке келгенге чейин эле «кенди башкалардан коргойбуз, экологияны таза кармайбыз» деп айтып келген. Биз ушул убадалар аткарылат, президент тарабынан экологиябыз корголуп, сууларыбыз тазарат деген үмүттөбүз.

Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин үнүн угуп, Козу-Баглан дарыясын таза сактап калганга жардам бериңиздер!»

«Биздин Катраң айылы эле эмес, Коргон, Кулунду, Бешкент айылдары да ушул дарыянын суусун колдонушат. Компания «ушунча алтын бар» деген божомол менен келе жатат. Эгер муну иштетип кала турган болсо, 10 миңден ашык адам зыян тартат. Бул компания 5 жыл, 10 жыл иштетиши мүмкүн. Өздөрүнүн акчасы чыккан соң таштап кетет. Кыйынчылыкты эл тартат. Бул жер коргоого ылайыкталган эмес, канча аракет кылган менен, кенди иштетсе, экология булганат, жанында аккан суу ууланып, келечекте элди кыйын абалга алып келет», —  дейт дагы бир тургун.

3 пикир

3 пикир

  1. Ок

    14.04.2021 22:36

    И после этого вы ждёте инвесторов????

    • Ади

      15.04.2021 21:00

      Кууп чыкыла бийлике кайрылуу бекер бийликтегилер макулдугун берген учун алтынд казабз деп жататда мындай кайрылууну да ойлонуп кайрылыш керек туугандар Кадамжай эличелик жосунарбы кенди жэргиликтуу эл макулдугун берсе гана акысы бар ачып иштетишке канистутусяада ошентип жазылып турат туугандар

  2. Али

    15.04.2021 21:02

    Закондо жалылып турат жэргилктуу жашоочулардын макулдугусуз кандай кен болбосун келип иштетууго акысы жок деп Кадамжай эличелик жоксунарбы кууп чыкыла ошо компаняаны

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM