Connect with us

Президент кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 630 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын (Финчалгын) төрагасы Канатбек Тургунбековду кабыл алды.

Төрага Канатбек Тургунбеков Финчалгын кызматынын учурда жасап жаткан иштери, анын ичинде кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал ошондой эле Евразиялык топтун (ЕАТ) 31-пленардык жыйынында Кыргызстандын экинчи отчету каралганын, жыйынтыгында, өлкөнүн айтылган кылмыштарга каршы күрөшүүсү ийгиликтүү болуп жатканы белгиленип, Кыргызстандын рейтингин 13 позицияга жогорулатуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик органдар менен Мамлекеттик чалгындоо кызматынын ортосунда мекемелер аралык байланышты күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары да аталган мекеменин кызматтык ыйгарым укуктарына кирген көптөгөн иштер боюнча сунуш-тапшырмаларын берди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM