Биз менен байланышыңыз

Уй эти 390 сом. Бишкекте кайрадан жарманке уюштурулду (дареги, баасы)

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 1213 | 1

Бишкек шаарында кайрадан азык-түлүк жарманкеси уюштурулду.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, кезектеги жарманке 2021-жылдын 13-14-март күндөрүндө өтөт. Белгилей кетсек, бул жарманкеде өткөн жумага салыштырмалуу айрым азыктардын баасы түшсө, айрымдары көтөрүлгөн.

Жарманкелер өтүүчү даректер:

1. Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайон, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Биринчи май райондук администрациясы, И. Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

3. Свердлов райондук администрациясы, Т. Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району, Набережная).

Алдыдагы жарманкедеги азык-түлүктүн баалары:

  • Уй эти – 390-405 сом
  • Жылкы эти — 380-390 сом
  • Кой эти – 400-405 сом
  • Тоок эти – 200-210 сом
  • Суу май — 130-132 сом
  • Жумуртка 10 даана – 75-85 сом
  • Үй жумурткасы 10 даана — 90-95 сом
  • Кумшекер — 56 сом
  • Күрүч — 55-60 сом
  • Алма — 30-60 сом
  • Сабиз – 10-15 сом
  • Картөшкө — 22-27 сом
  • Пияз — 14-16 сом.

Сүт жана сүт азыктары, ун жана ундан бышырылган азык-түлүк базар баасына салыштырмалуу 10-15% арзан болору айтылган.

1 пикир

1 пикир

  1. Жал районунун тургуну

    13.03.2021 23:45

    Ленин районуна да ушундай жарменке керек.Жал кичи районундагы илгертен болчу жарменке,жарменке эмес,бут продуктыларды абдан кымбат баада сатышат.Мисалы; жумуртка 10-11 сомго чейин,картошка 32-35 сомго чейин,сабиз 24-28 сомго чейин сатылат,башка продуктыларга соз жок,баасы асмандайт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM