Кыргызстандагы орто мектептердин карамагындагы жер аянттарына дыйканчылык чарбаларын уюштуруу тартиби өкмөт тарабынан бекитилди. Тийиштүү чечимге 24-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду. Анын айтымында, бул иш 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын тамактануу рационун көбөйтүп, витамин алуусуна шарт түзөт.
Чечимге ылайык, мектептердин аймагында жер тилкеси, тийиштүү материалдык базасы болгон учурда, мектеп алдындагы чарбаны түзүүгө укуктуу. Ал эми жер тилкеси жок болсо, мекеменин директору жергиликтүү бийликке жер тилкесин берүү тууралуу арызы менен кайрыла алат.
Мектептерде дыйканчылык чарбасын уюштуруу мугалимдер арасында эки өңүттө талкууланууда.
Окуучулардын тамагы үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бир окуучуга 7-10 сомдон эсептегенде, жылына 500 млн сом бөлүнөт. Лейлек районундагы Мырзабек Баетов орто мектебинин мугалими Жоошбай Каримов өкмөттүн бул чечимин колдойт. Анын айтымында, азык-түлүктүн баасы жогорулаган маалда бюджеттен бөлүнүүчү 10 сомдук тамак бир бала үчүн жетишсиз жана сапаты начар болуп калат. Андыктан мектептер чарбаларына жер-жемиштин түрлөрүн өстүрүү аркылуу окуучулардын тамактануу сапатын жогорулатууга мүмкүндүк бермек.
«Эгерде мектептин карамагында шарты бар, суулуу жери болсо, ар түрдүү жер-жемиштерди эгип алса жакшы болот. Бул мамлекет ар бир окуучуга берген 10 сомдук тамактан тышкары балдарга кошумча азык болмок. Бүгүнкү күндө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. Мындай учурда балдардын тамагы үчүн 10 сом өтө аз».
Мугалимдер арасында талаш пикир пайда кылып жаткан жагдайдын бири — чарбанын ишин аткаруу маселеси. Агартуучу Жоошбай Каримов бул боюнча чарбалык ишти аткарууну мугалимдерге же окуучуларга жүктөө туура эмес деген пикирде.
«Тилекке каршы, ар бир мектепте андай шарт жок. Эгерде бир жерди ижарага алып, ал жакка балдарды иштетсе, ага ата-энелер каршы чыгат. Мугалимдерге жүктөсөң, аларга да ашыкча жүк болот. Андыктан бирөөнү жумушка алганга туура келет. Ал адам жерди иштеткен соң, түшүмдүн бир бөлүгүн чыгашага, бир бөлүгүн өзүнө алып, бир бөлүгүн мектепке калтырса болот. Түшүмдүн үчтөн бири балдарга азык катары калат. Бир мезгилде да мектептин өзүнүн чарбасы болгон. Ата-эне, окуучу, мугалимдерди нааразы кылбай турган шартта ишке ашырган ыңгайлуу болот».
Азыркы учурда дыйканчылык чарбаларын иштетип жаткан мектептер да бар. Алардын бири Бакай-Ата районундагы В. И. Ленин атындагы орто мектеби көп жылдан бери жер-жемиштин түрлөрүн өстүрүп, балдарга берип келет. Андан тышкары кыш мезгилинде күнөскана да иштетилет. Мектеп мугалими Алмаш Эшенкулованын айтымында, бул ишке техникалык кызматкерлер, айрым учурда мугалимдер да кол кабыш кылат.
«Азыр күнөсканада бадыраң, помидор, редиска бышып, башталгыч класстардын окуучуларына берилип жатат. Жазында сырттагы жер аянттарына эгилет. Андан тышкары алма бак бар. Аны күзүндө терип как кылып, балдарга шербет жасап беришет. Ага мектептин чарбалык кызматкерлери, айрым күндөрү мугалимдер да кол кабыш кылат. Бул — абдан керектүү нерсе, болгону жамаат ичинде ынтымактуу иштешүү зарыл».
Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектептин мугалими Кубаныч Шергазиев чарба үчүн атайын жер тилкеси берилиши керектигин, ал окуучулар үчүн да тажрыйба жүзүндө иштөөгө жакшы шарт экенин айтат.
«Шаардагы мектептерде окуучу көп болгондуктан, сырттан жер аянтын алууга туура келет. Мугалимдер канча сабагы болсо, ошончо маяна алат. Эгер милдетти аларга жүктөсө, кошумча акы каралышы керек, же иштей турган адамды дайындоо зарыл. Жемишти эгип, бышырууга балдарды аралаштырып көргөзүү — окуучуларга да практика жүзүндө жакшы сабак болмок».
Белгилей кетсек, учурда башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак республиканын 1485 мектебинде уюштурулган. Анда 1 окуучунун тамагына бюджеттен күнүнө 7 сомдон 10 сомго чейин бөлүнөт. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагы мэрия тарабынан каржыланат. Өкмөттүн чарбалык иштерди уюштуруу чечими мектептерге азык-түлүк ассортиментин кеңейтүү, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алууга жардам берери айтылууда.