Биз менен байланышыңыз

Түркияда карантиндик чектөөлөр жеңилдетилет

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 426 | 0

Түркияда коронавируска каршы чектөөлөр жергиликтүү эпидемиялык кырдаалга байланыштуу март айынан тарта жеңилдей баштайт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.

Учурда Түркияда коменданттык саат иш күндөрү кечки саат 21:00дөн таңкы саат 5ке чейин, демалыш күндөрү жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү таңкы 5ке чейин күчүндө. Ошондой эле беткап кийүү жана социалдык аралыкты сактоо милдеттүү. Ресторандар, кафелер, түнкү клубдар жана башка көңүл ачуучу жайлар жабык.

«Коронавируска каршы күрөштүн темпин жана ийгилигин эске алып, биз март айынан баштап, чектөөлөрдү акырындык менен алып сала баштайбыз», — деди Эрдоган журналисттерге.

Президенттин айтымында, демалыш күндөрү коменданттык саат алынып салынат. Түрк лидери жакынкы күндөрү ресторан, кафе жана башка коомдук тамактануу жайларды ачуу боюнча жол картасы жарыяланарын кошумчалады.

Ошондой эле, Түркиядагы 5,5 миллиондон ашуун адам коронавируска каршы эмделгени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM