Биз менен байланышыңыз

Кубанычбек Жумалиев 4-апрелге чейин камакка алынды

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 1393 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 4-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун 4-февралдагы токтомуна ылайык, шектүү Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасы камакка алуу түрүндө тандалды.

Ал УКМКнын тергөө изоляторунда 2021-жылдын 4-апрелине чейин болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга шектелип кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жумалиевге таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Жумалиев билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббирлөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен лицензияны мыйзамсыз алган.

Ошол эле учурда, лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок министрликтин жетекчилигине Жумалиевдин таасири алдында комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары Жумалиевге байланыштуу адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектиси жана ар кандай компаниялар, алардын катарында Жумалиевге мурда менчиктештирүү жолу менен өткөн, анын туугандарына жана жакын адамдарына таандык «Таатан», «ГОИН» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот завод, телерадиокомпания аныкталды.

4-февралда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM