Connect with us

Парламент өкмөттүн курамын карап жатат

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 640 | 0

Жогорку Кеңеш 3-февралдагы жалпы жыйынында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, курамын жана түзүмүн карап жатат.

Улукбек Марипов өз баяндамасын жасап жатып, өкмөттүн курамын оптималдаштыруу учурдун талабы экенин айтты. Бири-бирин кайталаган кызматтарды бириктирүү каржылык ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө, кадрлардын жоопкерчилигин күчөтүүгө шарт түзөрүн билдирди.

«Буга чейин эффективдүү эмес система иштеп келди. Жаңы аткаруу бийлиги Конституциялык реформаны эске алуу менен түзүлдү. Азыр маселени ыкчам чечүүгө ылайыкташкан өкмөт түзүлүп жатат. Өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га кыскарды. Экономика жана финансы министрлиги бириктирилип жатат. Өлкөдөгү экономикалык абалды эске алуу менен кирешелер боюнча жоопкерчиликти күчөтөлү дедик. Ушул жакты жетектөөчү адиске вице-премьер-министр макамын берип жатабыз. Коргоо министрлиги да калыбына келтирилип жатат. Социалдык өнүгүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине бириктирилип жатат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түзүлүп жатат. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигине архитектура, коммуникация багытын кошуп жатабыз», — деди Марипов

Ошондой эле, бюджеттеги тартыштык, менен тышкы карыз эң курч көйгөйлөрдөн экенин эске салып, карыздарды реструктуризациялоо, ички өндүрүштү күчтөнтүү, экспорттун дараметин жогорулатуу зарыл экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM