Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ: Пенсиялык камсыздоо келишими — артыкчылыгы, талабы

Коом , Экономика | 13 Янв 2021 | 925 | 0

Евразия Экономикалык Комиссиясы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде иштеген мигранттарды пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө киргенин билдирди. Бул келишим мигранттардын пенсия топтоосуна жакшы шарт түзүп берет. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө 5 мамлекеттин ичинде эмгектенген мекендештер ошол мамлекеттин социалдык фондуна маянасынын бир бөлүгүн калтырса болот. Ал каражат мигрант пенсияга чыккан мезгилде өзү жашаган мамлекетке которулуп берилет.

Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетовдун айтымында, ушул эле тартип Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүктөргө да тиешелүү.

«Ар бир мамлекеттин аймагында ээ болгон стажына, төккөн төлөмдөрүнө жараша пенсия чегерилип, ошол мамлекетке экспорттолот. Бизге ТИМ аркылуу документ келгенден кийин иштеп баштайт».

Жеңиш Мукамбетов Евразия Экономикалык Комиссиясы келишим күчүнө кирди дегени менен расмий кат келе электигин, жакын арада толук кандуу күчүнө кире тургандыгын билдирди. Буга чейинки иштеп келген система боюнча мигранттардын эмгек стажы жазылганы менен соцфондго пенсиялык төгүм аткарылчу эмес.

Мекендешибиз Зулпидин Нурматов 8 жылдан бери Москва шаарында эмгектенет. Ал өзү сыяктуу мекендештер жылдап эмгектенгени менен, пенсиялык топтомго акча которо албаганына тычсызданат. Анткени бөлөк мамлекетте убактылуу иштеп жаткан мигрант пенсия курагына жеткен учурда өздүк эсебине акча топтолбой калат. Мекендешибиз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы пенсиялык камсыздоо боюнча келишимдин күчүнө кириши мигранттар үчүн жакшы жаңылык экенин белгиледи.

Кыргызстандык эмгек мигранттардын көпчүлүгүн дал ушул биримдикке мүчө мамлекеттерде иштейт. Бул келишимдин аткарылышы жарандар үчүн жакшы артыкчылык экенин Экономика минстринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров айтат. Анын пикиринде, мигранттардын социалдык төлөмдөрү кепилдениши керек жана мекендештер ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамдуу түрдө иштеп, камсыздандыруу төгүмдөрүн берип жүрүшү зарыл.

«Биримдиктин алкагында кайсы өлкөдө болбосун, мигрант иштеп, пенсияга акча чогултса, кийин өз өлкөсүндө пенсия катары алганга шарт түзүлөт. Ар бир өлкөнүн пенсиялык системасы өзгөчө. Кыргызстанда пенсияга акча чогултканга өзүнүн жеке эсебине болгону 2 % которулат. 15 %ы жалпы чогултууларга кетет. Ал эми Казакстанда канча акча чогултса, анын баары адамдын өзүнүн эсебинде калат. Эмнеси болсо да, бул келишим туура. Анткени, биримдикке мүчө мамлекеттерде мекендештерибиз көп иштейт». 

ЕАЭБдеги пенсия маселеси боюнча документке 2019-жылдын 20-декабрында мүчө мамлекеттердин башчылары кол койгон. Аны парламент 2021-жылдын 1-январында ратификациядан өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM