Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мелис Аспековдун кармалганы боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 10 Янв 2021 | 1202 | 0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бүгүн добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнүн тарапташы аталган Мелис Аспеков тууралуу да оюн билдирди.

— Мыйзам алдында баары бирдей болушу керек. Айыбы болгон адам өз жазасын алышы керек. Анын менин штабыма тиешеси жок. Бул боюнча буга чейин БШКга да кайрылганбыз.

Эскерте кетсек, жарандык активист Мелис Аспеков кечээ УКМК тарабынан «Кыргыз темир жолу» ишканасынан 250 миң доллар пара талап кылуу учурунда кармалганы кабарланган. Ал буга чейин өзүн Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабынын башчысы деп айтып жүргөн. Жакында эле Жапаровдун республикалык штабы Мелис Аспековдун штабга тиешеси жоктугун билдирген болчу.

Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо да тааныйм

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM