Connect with us

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 87 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 625 | 0

Дүйнөдө 8-январга карата коронавирус инфекциясын 87 млн 952 миң 778 адам жуктуруп алды. Мунун ичинен 49 млн 37 миң 774 адам айыгып чыкса, 1 млн 895 миң 925 адам вирустан каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШ дүйнө боюнча коронавирус эң көп катталган өлкө. Анда 21 млн 543 миң 310 адам илдетке чалдыккан. Жалпы 364 миң 735 адам каза болсо, 12 млн 125 миң 806 адам айыгып чыкты.

Индия экинчи орунда турат. Ал жакта коронавирус 10 млн 395 миң 278 адамдан аныкталган. 150 миң 336 адам каза болуп, 10 млн 16 миң 859 бейтап айыккан.

Ал эми Бразилия үчүнчү орунда турат. Бразилияда 7 млн 961 миң 673 адам вируска кабылса, 200 миң 498 адам көз жумган. Аларда 7 млн 75 миң 664 адам оорудан сакайган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM