Connect with us

COVID-19: Акыркы суткада 203 бейтап сакайды

Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 461 | 0

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 58 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек шаарында — 30;
  • Ош шаарында — 5;
  • Чүй облусунда — 7;
  • Талас облусунда — 2;
  • Нарын облусунда — 4;
  • Ысык-Көл облусунда — 7;
  • Баткен облусунда — 3;

Акыркы суткада 203 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

  • Бишкек шаарында — 75;
  • Ош шаарында — 17;
  • Чүй облусунда — 42;
  • Ош облусунда — 7;
  • Талас облусунда — 3;
  • Нарын облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда — 38;
  • Жалал-Абад облусунда — 13;
  • Баткен облусунда — 6;

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2 бейтап көз жумду.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 81 214кө жетти. Анын 76 351и сакайып чыкса, 1358 бейтап каза тапты.

өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, анын ичинен бирөө Бишкек шаарындагы «кызыл зонадан» жуктурса, бири Ысык-Көл облусунан катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча «COVID-19» диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4120 учур катталды, алардын ичинен 3932 медкызматкер сакайды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM