Биз менен байланышыңыз

МКК: Жаңы паспорт дүйнөлүк заманбап стандартка толук жооп берет

Коом , Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 1194 | 0

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык-электрондук паспорттор 2021-жылдын 1-апрелинен тарта берилип баштайт. Ал 34 жана 50 беттен турган эки вариантта чыгарылат. 

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык-электрондук паспорттор бериле баштаарын жарыя кылды. 14 жылдан кийин жаңыланып жаткан документтин коопсуздугу кылдат каралган. Ошондой эле эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына ылайыкталып, бир катар артыкчылыктарга да ээ. Бул  тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов маалымдап, жаңы паспортторду германиялык компания жасап баштаганын айтты.

«Электрондук паспорт дүйнө жүзү боюнча 2002-жылы каралган. 160 өлкө катышып, чечим кабыл алган. 2003-2004-жылы биринчи биометрикалык паспорт пайда болгон. Кыргызстанда 2016-жылдан баштап паспорттун жаңы үлгүлөрү бекитилген. 2017-жылы ID-паспорт киргизилген. Ал эми жалпы жарандык паспорт боюнча 2020-жылдын май айында Мамлекеттик каттоо кызматы менен германиялык «Mühlbauer» компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Бирок коронавируска байланыштуу көп жумуштар онлайн түрдө жүрүп жатты. Ушул жылдын сентябрь айында гана Германияга барып, паспорттун үлгүлөрүн бекитип келгенбиз». 

Жалпы жарандык биометрикалык паспорт 34 жана 50 беттен турган эки вариантта чыгат. Көп барактуусу сыртка көп чыккан жарандар үчүн ылайыкташкан. Паспорттун башкы бети толук алтын чиймелерден туруп, кийинкисинде өлкөнүн туусу жана паспорттун номуру, жашыруун сүрөт чагылдырылган. Документте 30дан ашуун коргоочу белгилер бар.

2019-жылы АКШ департаменти Кыргызстандын паспортунун коопсуздугу шек жаратарын айтып, мунун айынан кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө уруксат берген визаны убактылуу токтоткон болчу. Мамкаттоонун айтымында, жаңы паспорттун арты менен аталган чектөөнү жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«2019-жылы АКШда чектөө коюлган. Бул чектөөнүн себебин алар: «2006-жылкы үлгүдөгү биздин паспорттун коргоо элементтери бүгүнкү күндөгү талапка жооп бере албайт», — деп түшүндүрүшкөн. Андан сырткары биометрикалык паспортко милдеттүү түрдө өтүшүбүз керек болчу, ошондуктан да чектөөлөр коюлган. Бирок 2019-2020-жылдары биз АКШ менен онлайн-жыйындарды уюштуруп, ошол жерде биометрикалык паспорттубузду киргизүү боюнча ар бир кадамыбызды түшүндүрүп бердик. Азыркы күндө АКШ бизге койгон чектөөлөрүн карап жатат. Буюрса, биздин биометрикалык паспортубуз дүйнө жүзүндө эң алдыңкы катарга кирет». 

Эми жаңы иштелип чыккан паспорттун бир катар артыкчылыктарына жана жарандар билиши керек болгон маанилүү маалыматтарга токтолсок:

  • Жаңы электрондук паспорттордун башкы артыкчылыгы — 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтеринин колдонулуп, паспорттун мукабасына электрондук чиптин киргизилгени; мындан тышкары материалды жасоодо жана жеке маалыматтарды түшүрүүдө лазердик технологиялар колдонулганы.
  • Жаңы электрондук жалпы жарандык паспорт — ИКАОнун бардык талаптарына, ошондой эле сапаты жагынан да, коопсуздугу жагынан да мамлекеттин кызыкчылыгына толук жооп берген, технологиялык жактан кемчиликсиз жана корголгон документ.
  • ИКАОнун талаптарына жана стандарттарына ылайык, PKI тутуму жаңы паспортко орнотулган, бул — заманбап жол жүрүү документтеринин маанилүү атрибуту катары эсептелет.
  • Ошондой эле электрондук паспорт АКШ тарабынан киргизилген санкцияларга себеп болгон жагдайларды четтетүү боюнча иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Жаңы паспорт алуу бардык жарандар үчүн милдеттүү эмес. Азыр колдонуп жаткан паспортунун мөөнөтү бүтүп, толуп калып же алмаштырууга башка муктаждык пайда болгон учурда гана жаңылайт.

Жаңы документтин арты менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги визасыз барууга уруксат берген өлкөлөрдүн санын көбөйтүү үчүн кайрылуу жолдой алат. Жыл сайын жарыяланган «Henley&Partners» паспорт индекстер рейтингинде көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жалпы жарандык паспортту алуунун жалпы наркы миң сомго барышы мүмкүн. Азырынча 3 жылдык мөөнөт үчүн 3 миллион даана паспорт буйрутма берилген. Жарандарга 1-апрелден тартып бериле баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM