Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 17-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Нарын дубанында түнкүсүн -17…-22, күндүз -8…-13.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -3…-5 градус болот.