Бүгүн, 16-декабрь — Казакстанда эгемендик майрамы.
Казакстан Республикасы өзүнүн көз карандысыздыгын мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен эң акыркы болуп, 1991-жылдын 16-декабрында жарыялаган.
Өлкө тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ бул майрам эки күн: 16-17-декабрда белгиленет. Бул күндөр эс алуу күндөр болуп саналат.