Фергана шаарында Өзбекстандын жана Кыргызстандын чек арага чектеш жайгашкан аймактарынын жетекчилеринин үчүнчү жыйыны жыйынтыкталды.
Кеңешмеде эки өлкөнүн чектеш аймактарындагы маселелер, соода-экономикалык алака талкууланды. Жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлду.
Кыргызстандан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баштаган өкмөт мүчөлөрү, Өзбекстандан премьер-министрдин орун басары — инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана башкалар катышты.