Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын пайдаланылбаган инвестициялык потенциалы чоң

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 899 | 0

Кыргыз-өзбек чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Фергана шаарында өткөн жыйынга премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баштаган кыргыз өкүлчүгү катышты.

Эки өлкөнүн чектеш аймактарындагы маселелер, соода-экономикалык алака талкууланды. Артем Новиков кош экономиканын артыкчылыктарын пайдалануу менен биргелешкен продукцияны үчүнчү мамлекеттерге экспорттоо үчүн өндүрүштүк кооперация долбоорлорун ишке ашыруу маселесин карап чыгууну сунуштады.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда инвестициялык кызматташтыктын пайдаланылбаган потенциалы чоң экени айтылды.

«Чек арадагы аймактардын экономикалык абалын өнүктүрүү үчүн биз жашылча-жемиштерди, сүт жана эт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле курулуш материалдарын жана бал өндүрүү сыяктуу бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыра алмакпыз», — деп кошумчалады Новиков.

Мындан тышкары, транспорттук-транзиттик кызматташтыкты жандандыруу максатында Кыргызстан Өзбекстандын аймагы аркылуу транзит менен Ооганстан жана Пакистан базарына айыл чарба, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайынын продукцияларын экспорттоого кызыкдарлыгын билдирди.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Ошондой эле жумушчу сапардын алкагында Артем Новиков Өзбекстандын Фергана шаарындагы бир катар өнөр жай обьектилеринин иши менен таанышып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM