Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Москвадагы сүйлөшүүлөрдө мигранттардын маселелерине өзгөчө көңүл бурулду

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 696 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Мамытов Москвада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулгандыгын айтып берди.

Ошондой эле миграциялык байланыш, өлкөлөр ортосундагы аба жана темир жол каттамдарын толук калыбына келтирүү, кыргызстандык мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Андан сырткары Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады.

Анын максаты — Жогорку Кеӊештин чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештер менен байланышын жана мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн чыӊдоо, мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууну камсыз кылуу, миграция жана диаспоралар жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү болуп эсептелет.

Талант Мамытов мекендештердин сунуш-пикирлерин угуп, кызыккан суроолоруна да жооп берди.

Ал 7-декабрда Орусияга иш сапары менен барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM