Башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде жактырылды.
Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына жазды.
Мыйзам долбоорун депутат Акылбек Жапаров сунуштаган. Парламенттин 3-декабрдагы жыйынында аталган мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүү маселеси көтөрүлүп, бирок алгач комитет карашы зарылдыгы айтылган.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоорлорун күн тартибине киргизүүдө регламентти бузбоого чакырышты.
Эл өкүлү Дастан Бекешев мыйзам долбоорун комитетте карап, ар бир депутаттын үнүн угуу керектигин талап кылды.
Ага карабай, айрым маалыматтар боюнча референдумду шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилди.