29-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн үч эмге Садыр, Жапар, Нургожо деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, бүгүн 4-ноябрда үч эмдер №6 төрөт үйүнөн үйгө чыгарылды. Үч эмдердин апасы 21 жашта. Алардын жакындарынын айтымында, үч эмге атты учурдагы өкмөт башчынын жана анын фамилиясы менен атасынын атын атайын ыйгарышкан.
Үч эмдин биринин салмагы 2 020 грамм, экинчиси 2 300 грамм, үчүнчүсү 2 500 грамм болуп төрөлгөн.