Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомдон ашты

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 458 | 0

Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,6 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди.

Бүгүн өкмөт мүчөлөрү 2020-жылдын бюджетинин эки жолу өзгөртүү киргизилгенден кийинки долбоорун талкуулады.

Жапаровдун айтымында, бюджеттин киреше бөлүгү 137,2 миллиард сом (1,8 млрд көбөйдү). Ал эми чыгаша бөлүгү 172,8 миллиард сом, муну менен мурда кабыл алынган бюджетке 9,7 миллиард сом кошулду.

Бюджеттин тартыштыгы 35,6 миллиард сомду түзүп, дефициттин көлөмү дагы 7,9 миллиард сомго көбөйдү.

Ички дүң продукция тогуз айда 400,2 миллиард сом болуп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM