Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, бүгүн парламент жыйынында Зулушевдин талапкерлигин көпчүлүк депутаттар колдогон.