Саясатчы Садыр Жапаров убактылуу өкмөт башчы болушу мүмкүн. Себеби бүгүн кезексиз жыйынга чогулган парламент депутаттарынын 35и бул чечимди колдоп кол койду. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Эгер парламент депутаттарынын 60ы Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдосо, анда ал мыйзамдуу түрдө ишке киришет.
Садыр Жапаров №27 колонияда жазасын өтөп жаткан жеринен 5-октябрда митингчилер тарабынан бошотулуп, борбордук аянтка алып келинген. Ал элди бардык маселелерди мыйзамдуу чечүүгө чакырган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деген айып менен 2017-жылы кармалган. Жогорку сот аны 10 жылга кескен.
Жолдошева Гульсун
06.10.2020 17:49
Элибизге Тынчык алып келген Приздент керек.Садыр Жапаров татыктуу Адам.