Connect with us

Борбор Азия лидерлери кыргызстандыктарды Курман айты менен куттукташты

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 639 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана өлкө президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

Мирзиёев: «Акыркы жылдары биргелешкен күч-аракеттерибиз менен эки өлкөнүн,  элибиздин ортосундагы боордоштук, достук жана коңшулук мамилени бекемдөөгө жетиштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелер эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе берерине күмөнүм жок», — деп айтты.

Мындан тышкары, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондон да Кыргызстан элине Курман айт майрамына байланыштуу куттуктоо телеграммасы келди. Анда айтылгандай, Аль-Адха кубанычтуу майрамынын эзелки салттары өз ара түшүнүшүүнүн, өз ара колдоонун, ошондой эле эки элдин достугунун бекемделишине түрткү берет.

«Мындай жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаратман кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталган кызматташууну сиз менен биргеликте ар тараптан жылдырууга туруктуу ниетибизди билдирем. Бүгүнкү глобалдуу коркунучтар менен чакырыктарды жеңип чыгарыбызга, ислам ааламынын байгерчилиги менен жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча асыл максаттарга жетишүүгө биргеликте аракет кылабыз», — деп айтылат Тажикстан президентинин куттуктоо телеграммасында.

Курман айт майрамына карата Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да Кыргызстан элин жана өлкө президенти Сооронбай Жээнбековду куттуктады.

Анын айтуусунда, Курман айт майрамы кылымдардан бери гуманизмдин жогорку руханий баалуулуктарын, боорукерлик менен кайрымдуулукту символдоштуруп келе жаткан эң сонун майрамдардын бири. Бул ыйык майрам бардык мусулман элинин ортосундагы биримдик менен ынтымакты бекемдетет.

Бүгүн, 31-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип жатат. Бул күнү курмандык чалынып, жыт чыгарылып, жарандар бири-бирин куттукташат.

Курмандыкка чалынган мал-жандыктардын эти өлкө боюнча муктаж адамдарга, студенттерге, кары-картаңдарга, балдар үйлөрүнө таратылып берилет.

Быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Айт намаздары борбордук аянтта жана мечиттерде окулган жок. Кыргызстандын муфтияты элге бири-бирине айттап барбай, үйдө өз үй-бүлөлөрү менен тосууну сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM