Биз менен байланышыңыз

Ош: Үймө-үй кыдырууда 2500 кишиден пневмония аныкталган

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 626 | 0

Ош облусунда 51 мобилдик топ 350 миңден ашык тургунду текшерип чыкты. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, 25-июлдан баштап 173 медицина кызматкеринен турган мобилдик топ пневмония менен ооругандарды аныктоо үчүн 81 миңге жакын кожолукту кыдырып чыкты.

Жыйынтыгында 350 миң 926 жаран текшерүүдөн өтүп, 2 миң 500 адамдан илдет табылган. Алардын ичинен 800дөн ашыгы айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Ошто коронавирус менен ооругандардын саны 997 адамга жетти. Алардын 74ү ооруканада, 198и үй изоляциясында, 689 жаран айыгып чыкты.  Илдеттен 25 адам каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM