Биз менен байланышыңыз

«Мээримдүү тыйын» кутуларын ачуу аземи өтүп жатат

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 467 | 0

Бүгүн, 29-июлда «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун кеңсесинде «Мээримдүү тыйын» долбоорунун алкагында кайрымдуулук кутуларын ачуу аземи өтүп жатат. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл сайын чогулган каражат ооруга чалдыккан балдарды дарылоого жана операцияларга жумшалса, быйыл өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу түшкөн акча Covid-19 инфекциясы менен күрөшүүгө сарпталат.

Кутуларды ачуу эртең, 30-июлда да уланат.

Жарандар кутуларды «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун кеңсесине алып барышы керек. Ал Бишкек шаарында Исакеев көч., 13/8 дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0772002015, 0772552015

Эске салсак, «Мээримдүү тыйын» акциясы буга чейин 11 ирет өткөрүлүп, жалпы 2 млн 596 миң 976 сом чогултулган. Натыйжада 70 баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM