Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Роман Головченкону жаңы премьер-министр кылып дайындады. Бир күн мурун Лукашенко өкмөттүн отставкага кеткенин жарыялаган.
Беларусь президенти жаңы өкмөттүн курамына кирбей турган көпчүлүк саясатчылар «жумушсуз калбай турганын» айткан.
— Дагы бир жолу баса белгилегим келет, бүгүн жаңы өкмөткө кирбегендер жумушсуз калбайт, алар душман эмес, — деди Лукашенко.
Беларусь лидери 25-майда президенттик шайлоонун алдында жаңы өкмөт түзө тургандыгын жарыялаган. Кийинчерээк ал президенттик шайлоо алдында жана ал күнү аянттарга чыгууга жол бербей тургандыгын билдирген.
Эскерте кетели, Белоруссияда кийинки президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.