Connect with us

Президент статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 647 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде, мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — мамлекеттик статистика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон сапаттуу статистикалык маалыматтарды камсыз кылуу аркылуу Сиздер маанилүү милдетти аркалап келесиздер.

Учурда сиздердин алдыңыздарга өлкөнүн калкын электрондук форматта каттоону өткөрүү жана санариптик  технологияларды колдонуу менен жалпы ишмердикти кайра жаңылоо милдети коюлду. Бул ишти татыктуу аткарасыздар деп ишенем!»- деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунун текстинде.

Copyright © 2017 Maral FM