Connect with us

Кадырбеков: Коронавирус тууралуу чыгарма жазып жатам

Блог | 11 Апр 2020 | 1372 | 0

Кыргызстанда киргизилген карантиндик абалга байланыштуу радиобуздагы көпчүлүк эфирлер онлайн режиминде өтүп жатат. Инстаграм баракчабыз аркылуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков менен маек курдук. Бир сааттык маекте айтылган айрым сөздөрдү сиздерге сунуш кылабыз. Эскерте кетели, бул маектин толук варианты эмес жана айрым жерлери редакцияланды, мазмуну ошол бойдон сакталды.

Коронавирустун келиши өзүбүздү таанууга чоң сабак болду

-Ар бир нерсенин жакшы жагын издеш керек. Бул – өтө маанилүү нерсе. Эмне себептен дегенде, мындай нерсе жөн жерден болбойт. Анткени, биздин башка макулуктардан айырмачылыгыбыз – ойлонгонубуз. Эгерде уй, кой же маймыл болсок, балким, ойлонмок эместирбиз. Биз – адамбыз. Бул ойлонууга мүмкүнчүлүк болуп жатат. Эмне үчүн ушундай болду? Бул жөн болгон жок.  Биз чын-чынына келгенде  ушул дүнүйөнүн аманатын мойнубузга алган макулукпуз. Мисалы, бир сөз бар: “Ааламды Жараткан адам үчүн жаратса,  адамды өзү үчүн жаратты.” Биздин бул дүнүйөгө келген максатыбыз эмне? Аткарган кызматыбыз эмне эле? Ошону унутуп калып эле, күн сайын “дүнүйө” деп,  дүнүйөчүлүккө кирип кеттик. Ошондон улам, бири-бирибизге кыянаттык, зулумдук, ач көздүк, ууруулук  кыла баштадык. Алдай баштадык. Мойнубузда аманат болгон, биз карай турган табиятка канчалык зыяныбыз тийди. Азыр биз зыяныбыз тийбеген дүнүйөдө деңиз барбы, мөңгү, тоо барбы, жердин асты-үстү, жан-жаныбар, табият да калган жок. Ошентип олтуруп, мына акыры башыбызга сыноо келди. Муну “мусийбат” деп коёт, башкача айтканда, кыйын күндөр. Өзүбүздүн амалыбыз кандай болсо, ошого жараша келе турган нерсе. Асманга таш ыргытсаң, колуңа пахта болуп түшпөйт. Буудай ыргытсаң, картөшкө болуп түшпөйт.  Ойлоно турган учур болуп жатат. Эмне кылдык?  Эмне кылыш керек? Жашоонун маңызы эмнеде? Кайра кайталы, акылыбызга келели дегендей эле бир сабак болду. Балким, физикалык жактан кыйналып жатабыз. Бирок, руханий жана интеллектуалдык жактан адам катары өзүбүздү таануу жагынан чоң сабак болду деп ишенем.

“Державалардын чоң ракеталары да вирусту ата албайт экен”

-Дүнүйө чындап эле чектен ашып баратат. Түркия менен Орусия согушканы калды деген сөздөр чыгып кетти. Сирия деле, Америка, Англия деле бомбасын таштады. Иракты да көрдүк. Өлкөлөрдүн ортосундагы  тирешүү, текебердик күч алып бараткандай. “Ким күчтүү? Кимдин куралы күчтүү? Ким дүнүйөнү башкарат?” дегендей ойлор болуп жаткан. Бирок, аягында келип эмне болду? Азыр эми ошол бомбалар, ракеталар менен кичинекей бир вирусту ата албайт экенбиз. Бардык мамлекеттерди караңыз, үйдөн чыкпай калды. Бирок, биз өзгөчө эл экенбиз.  Мен деле бир-эки жолу көчөгө чыгып келдим. Турмуш деген ошондой экен да. Ошондо көрдүм да, адамдар кадимкидей эле жүрүп жатат. Кечинде кирип кетип, эртең менен чыгып, каалаган жумушуңду кыла бер деп. Москваны, Европанын шаарларын көрөтсөтүп жатат, ал жакта биздегидей өзгөчө кырдаал, карантин кире элек. Бирок, адамдар үйлөрүндө олтурат.  Биз бир аз мыйзамды сыйлабаган, эрке эл болуп бара жатабызбы деп ошону ойлонуп жатамын.

“Күнүнө 43 бет китеп окуп жатам”

-Көбүнчө эркектер үчүн үйдө олтурган өзүнчө бир азап, кыйноо болуп жатат. Бирок, ачыгын айтайын. Мен ушул күндөрдү билбей эле эмгек өргүүсүнө чыккан болчумун. Мурда түзүп койгон пландарым, элди кыдырып, аралап келсемби деген ойлор бар болчу. Албетте, аны шартка байланыштуу токтоттук. Бирок, үйдө олтуруп деле мага 24 саат убакыт жетпей жатат. Эмне себептен дегенде, жашыбыз кырктан кыйла өтүп калды. Күнүнө кеминде 43 беттен китеп окуйм деп талап койдум. Андан кийин спорт менен машыгуу. Үйдүн ичинде деле машыксаң болот экен. Ушундай сонун көнүгүүлөр бар экен, кылып жатып тим эле тердеп жатамын. Кыздарым, бала-бакчага барчу, азыр үйдө. Бала деген бала, бугу чыгыш керек, эркелеш керек. Кичинекей кыздарымды менен бокс менен машыктырып жатамын. Андан сырткары, ибадат, зикир, шүгүр деген нерселер бар. Суфийлерди билесиз да, тоо-ташка чыгып кетип, дүйнө кезип, дербиштик кылып, жалгыздыкта жүрүшөт. Көрсө, мунун деле чоң ырахаты бар экен. Шүгүр кылуу дегендин жолдору көп. Ибадат кылганың деле, бирөөгө жакшылык кылганың деле шүгүр. Жаман иштен кармануу да шүгүр. Адамдар менен сүйлөшүп олтурган  убакыт пайдалуу же тескерисинче, зыян болушу мүмкүн. Бирөөнү ушактайбыз, саясатты айтабыз, бирөөлөрүн аркасынан сүйлөп, акысына киребиз. Кээде олтуруп алып, урушуп кетебиз. Убакытты пайдалуу өткөрбөй калганбыз. Жалгыздыктын деле чоң пайдасы бар экен. Эл аралап, коомдук жана мамлекеттик иштер менен жүрүп үй-бүлөгө убакыт бөлө албай жүрдүм эле. Бул дагы бир чоң немат болуп жатат. Эң башкысы качантан бери жазайын деген ойлорум бар эле. “Коштошуу” деген аңгемени жазып бүттүм. Андай кийин “Парпырак” деген аңгемени жазууну улантып жатамын.

“Коронавируска каршы күрөшкөн дарыгер тууралуу аңгеме жаздым”

-“Коштошуу” деген чыгарма азыркы кырдаалга байланыштуу. Илгери согушка бара жатып, коштошуп кетишкен. Ал жактан кайтасыңбы же жокпу белгисиз.  Бир жагынан дарыгерлерибиздин кадырын билип жатабыз. Бул чыгарма аялы узатып жаткан дарыгер жөнүндө. Биз болсо, үйүбүздө олтуруп коркуп жатабыз. Ал эми дарыгерлер ооругандарды издеп, таап даарылап жатат. Эң чоң кооптуу иш ошол адамдардыкы. Жок дегенде, үйдө олтуруп алып, алардын өмүрүн тилейли. Дарыгер чыгып баратып, аялы менене коштошот. Аялы дагы түшүнүп жатат, Италияда канча дарыгерге вирус жугуп калды, канчасы каза болуп калганын. Ал бала-чакасын калтырып, үйүнө кайра келбес болуп кетип жатат. 15-20 күн карантин бүткүчө ошол жакта каламын деп ойлойт. Бир нерсе болуп, жугуп калып, балдарыма да зыяным тийбесин деген ниет менен жөнөйт. Бирок, көздөрү гана канчалык абалдын оор экенин айтып жатат. Кетип жатып айтат:  “Мени күт, Кудай буйруса, келем. Мен сооп, бата топтоп келейин, муктаждардын ыраазычылыгын алып келейин, бул келечегибизге аябай маанилүү”, — деп күлүп, жайнап чыгып кетет. Азыр канчалаган дарыгерлердин үй-бүлөлөрүндө эң чоң сыноо, кыжаалаттар болуп жатат.

Кызмат жөнүндө: «Эгерде өзү келсе, ошол жерде береке бар»

-Мен эч качан келген жакшылыктан баш тарткан эмесмин.  Министрдин орун басары болуу түшүмө да, оюма да кирген эмес. Сунуш болуп калды. Бирок ушундай бир насаат бар, эгерде өзү келсе, ошол жерде береке бар. Ортого киши салып, суранып барсаң, айлантып барсаң, анда Жараткандан жардам болбой калат.  Өзүң суранып келдиңби, өзүң кылып ал деп таштап коёт экен. Мындай ойлор алдыңкы ойлор болуп кеткен, пендечилик кылып. Ушул кызмат аркылуу эле бир топ жакшы иштерди кылса болот. Мисалы: китепканаларды караш мүмкүнчүлүгү, музейлерди, региондогу маданият үйлөрүн кароо быйылтан баштап менин жоопкерчилигиме өттү. Бул – өтө чоң жоопкерчилик. Албетте, ресурстар жана акча каражаты жетишсиз. Бирок “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун балдары бар  эмеспи. Ошондой жүрөгүндө жалыны бар, мекен үчүн күйгөн балдар менен кызматташсаң, бир топ иштерди бүтүрүп коюшат. Маданиятты министрлик көтөрбөйт, маданиятты эл көтөрөт. Ошон үчүн элге чыгып туруу – өтө маанилүү нерсе. Мамлекет кызматынын өзүнүн этикасы бар. Кээде Өкмөт башчысынан же өзүмдүн жетекчилигимден өтүнүп, элге чыга албайсың. Бирок, мүмкүнчүлүк берип, батасын берип элге чыгарып жатканы үчүн аларга чоң ыраазычылык. Элди аралаш керек. Анткени, көзгө көз чагылышып, тизеге тизе биригишип сүйлөшмөй сайын болбойт. Биз азыр Роберт Кийосакинин, Майн Риддин жана башкалардын китептеринен акылмандуулукту издеп жатабыз. Акылмандуулук элдин ичинде. Ар бир ашказан көнгөн тамагын жеш керек. Кыргыздын акылы – бул кыргызга жуга турган нерсе. Элди аралаган сайын өзүң да байып, идеяларга да байып келесиң. Ошондой эле бир топ маселелерди жеринен көрүп, чечип келесиң.

“Ыкласың болсо, Жараткандын жардамы келет”

— Жалпы республикалык деңгээлде массалык китеп окуу акциясы жүрдү. Бул үчүн сизге жана шакирттериңизге рахмат. Экинчиден, элдер ушул бир эле акциядан таасирленип, азыр массалык түрдө окуп баштадык. Бир керемет болгондой жапырт эле китеп окуп баштоого эмне себеп болуп кетти?

— Балдарга да рахмат, сиздерге да рахмат. Анткени, айлык алышпайт, өздөрү студенттер  ата-энеси берген акчаны бир айга араң жеткирип жүргөн балдар. Бирок, ыклас ушундай нерсе экен. Эгерде ыклас, ниет болсо Жараткандын жардамы келет экен. Көрдүңүздөр, Кыргызстанда 1-2 жылда китепке болгон мамиле кандай өзгөрдү. Аны байкабаган ата-апаларыбыз дагы деле жаштар китеп окубайт деп жүрүшөт. Бул эволюциялык кадам болду. Мындай нерсе эч жакта жок. Өзбекстанда, Казахстанда, Америкада, Европада болбогон нерсе. Ушундай темп менен, Кудай буйруса, өнүгө баштайбыз. Сөз баштаган, эл баштайт. Китеп – бул идеянын булагы. Бул – өтө маанилүү нерсе. Жаштардын ыкласы, аракети, тилек ниети да өтө маанилүү. Баары китеп менен дос болсо кана. “Балдарды урган күчү бар балдар авторитет болбой, китеп окуган балдар авторитет болсо экен” деп тилейли. Жок дегенде, тилек кылалы. Анткени, сөзү анан өзү болот. Эмне үчүн азыр Кыргызстан өнүгүп жатат? Бул жөн эле болгон жок. Анткени, бизде ата-бабаларыбыздын дубасы бар. Ошол эле Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Курманбек атабыз, Жаныш атабыз, Жайыл баатыр, Курманжан датка энебиз, Алымбек датка атабыз, Манас атабыз эмне үчүн жанын берип күрөштү? Өзүбүздү эгемендүү мамлекет болсок, бирөөнүн көзүн карабасак экен деген ниет болгон. Ошолордун дубасы, тилеги бар. Ошентип келип, чындыкка айланып олтурат. Биз дагы башкаларга тилек кылалы. Ооругандарга шыпаа тилейли. Оору башкаларга жетпесин. Кыргыздын жакшы салты бар, жылан келсе дагы ак чачып чыгарган. Ушул оору жөнүндө жаман сүйлөбөй эле коёлу. Мунун дагы руханий бир пайдасы бар. Тилек, ниет кылып, кайтып кетсин, бирок биз акылга келели. Адам катары миссиябызды түшүнөлү.

“Рахмат айтууга сараң болуп калдык”

-“Пранк” деген нерсе бар. Кетип баратып эле камераны жашыруун коюп, оюндарды кылат. Батыштагы жана чыгыштагы элдердин эмнесине ыраазы болом, кандай тамаша болсо дагы көтөрүп, күлүп-жайнап кетип калат. А бизде сөгүп, урушмак. Ушундай бир жагдай бар. Япониядагы бир окуяны дайыма эле айтып жүрөм. Тоодон велосипед менен келе жатсам, алдымда жол бош. Эмнеге жол бош деп, аркамды карасам, тоонун чокусуна чейин мени ойлоп айдоочулар сигналды бербей келе жатыптыр. Мени ойлоп акырын айдап келе жатышыптыр. Мен ушуга абдан ыраазы болдум. Адеп-ахлак маселеси абдан маанилүү. Ал жакта да “Рахмат” деген сөздү аябай көп айтышат. Бүт дүйнөдө ушундай. Биз “Рахмат” деген сөзгө, күлүп-жайнаганга сараң болуп бара жатабыз. Бул сөз, кичипейилдик өтө чоң маселени чечип коёт. Жумшактык – Жараткандын берген чоң белеги. Жумшактык менен досторуңду, бир туугандарыңды, үй-бүлөңдү, жакшы мамилени сактап каласың. Бирөө бир жакшылык кылса, ыраазычылык билдирүү өтө кыйын. Үй-бүлөдө деле аялдарына  рахмат айткандар аз. Көчөдө бирөө тамагыңды алып келип берсе ага айтасың, күн сайын тамагыңды берип турган аялыңа айтпайсың. Ушул сөздү көбүрөөк таркаталы. Саламдашуудан аксап бараттык эле, мына эми муктаж болуп жатабыз. Ушундан жакшылыктын баары башталат. Бекеринен “Жыймаюу – бул садака” деп айтылбайт.

“Бирөөнүн буюмун уруксатсыз колдонгондо да береке кетет”

-Береке боюнча эң чоң аалымдын айткан сөзү бар. Ага: “Канча тырмалаңдасам деле, жашоомдо береке болбой жатат” деп кайрылган. Ошондо үч эле суроо берген экен. “Сен бирөөнүн калеми менен жазып жатасыңбы?” Бирөөнүн буюмун уруксаты жок пайдаланганда деле береке кетет. Жок, мен эч качан бирөөнүн калемин пайдаланбайм. Улуу кишилердин астынан өтүп кетесиңби? Бизде улуу кишинин алдынан кыя кесип басып кеткен эмес. Көзүнө тике караган эмес. Ошон үчүн элибизде береке болуп келген. Улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган. “Буларды аткарбагандар биздикилерден эмес” деген улуу даанышмандын сөзү бар. Ал айтат мен улуудан алдың өтпөйм, дайым урматтайм. “Сен эртең мененки багымдаттан кийин уктайсыңбы?” Байкасаңыз күн чыкканга чейин уктагандардын үйүндө береке болбойт. Күн чыкканга чейинки жашоо өзгөчө. Муну эрте тургандар билет. Анда сен атаң менен апаңа дуба кылбай жатыпсың. Ата-энелер бизге дайым дуба кылат. Бизди көрбөсө да, алыста болсо да аманчылыгыбызды тилейт. Бирок, биз ата-энебизге дуба кылып жатабызбы, кеп мына ушунда. Биз жаш кезибизде ата-энебиз бизге кандай мээрим төксө, Жаратканыбыз ата-энебизге карыганда ошондой мээрим төк деп тилек кылалы. Айлыгым бар, ошого кудайга шүгүр. Азыр көптөгөн адамдар каяктан акча табабыз деп чыгышат.  Кыйынчылык болсо дагы, айлыгы бар адамдарда  айдын аягына чейин сабыр кылып турсак деген жакшы сезим бар. Шүгүр кылалы. Шүгүр азайып бара жатат. Кээде биз ошол акча челик жумуш кылып жатабызбы? Эртеден кечке берилип иштеп жатасыңбы же убактың интернетте өтүп жатабы? Канча убактың жөн эле достор менен сүйлөшкөнгө өтүп жатат. Эшикке чыгып, чылым чеккендер бар. Ошол жагын да ойлонсок жакшы болот.

“Чыныгы сүйүү никеден кийин башталат”

-Үй-бүлө деген – ордо. Бекеринен коомдун бир өзөгү деп айтышпайт. Үй-бүлөдө бакыт болсо, өлкөдө, дүнүйөдө бакыт болот. Ааламда гулистан болсун, жашооңдо бир укмуш окуялар болсун, бирок, үй-бүлөңдө жакшылык болбосо адам бактылуу боло албайт. Мисалы, жетекчиң менен келише албасаң, ал кетет же сен кетесиң. Досуң менен келише албасаң, анын түнөгү, үйү башка. А бирок, үй-бүлөңдө аялың же күйөөң менен жакшы мамилең болбосо, айланып келер жериң ошол. Өз үйүң — өлөң төшөгүң. Ошон үчүн үй-бүлөлүк мамилени сакташ керек. Идишти сынып калбасын деп канча сактайбыз. Гүл ачылыш үчүн да канча мээнет кылабыз. Бирок, үй-бүлөдөгү бакыттын гүлү ачылыш үчүн мээнет кылып жатабызбы? Кадимкидей эле көчөттүн тамырына суу куйгандай, дыйканчылыкта отогондой, сугаргандай  үй-бүлөгө да ушундай мамиле керек. Жылуу сөз, жакшы маанай, анча-мынча кемчиликтерди көрбөй, көздү жумуу да өтө маанилүү. Анан эмнени издесең, ошону табат экенсиң. Кемчилик издесең, артынан кемчиликтери көрүнө берет. Бирок бирөөнүн кемчилигин ачкан сайын, өзүңдүн дагы кемчиликтериңдин пардасы ачылып калат. Математикадан, физикадан экзамен тапшыргандай эле, үйлөнөрдүн алдында дагы үй-бүлө темасы боюнча экзамен тапшырыш керек деп ойлойм. Көпчүлүгү бактын түбүндө сүйлөшүп коюп, “Мен сени сүйөм, алтыным. Кашың карлыгачтын канатындай” деп эле үйлөнүп алышат. Бирок жашоо деген —  такыр башка нерсе. Чыныгы сүйүү ак никеден кийин башталат. Ага чейинки сүйүү – сүйүү эмес. Жакында эле үйүмө таякем келип кетти. Аялы рак илдетине чалдыгып калыптыр. Аялы кээде ээсин билбей калып жатты. Улуу сөздө уят жок. Дааратканага чейин алпарып, жанында 24 саат бою болуп, көзүн карап, ийне сайганда түнү менен уктабай чыгып жатты. Көрдүңүзбү, жоопкерчилик бар. Кокус үйлөнгөнгө чейин “сүйөм, күйөм” деген кызың ушундай болуп калса, кетип каласың. Жоопкерчилик жок жерде сүйүү да жок. Ошон үчүн өзүңөрдү алдабагыла, убактыңарды кетирбегиле. Жараткандын алдында чоң күнөөгө батпагыла. Ким сүйүүнү билгиси келсе, ыймандуу, таза жүргөн кызды же жигитти таап башыңарды кошуп, ошолор менен кадырлап барктап, берекелүү жашоо көргүлө деп айткым келет.

Ыр-клиптердин мазмунун текшерүү жөнүндө

-Элдин маданиятын калыптандырууда шоу-бизнестин дагы  орду чоң. Өзбекстан да атайын комиссия иштейт. Бизде ар кандай клиптерди тартышат. Сөздөрүнө да түшүнбөйсүң, бир сөзүн түшүнсөң, экинчиси түшүнүксүз. Ырдап жаткан адам өзү деле түшүнбөсө керек. Ошого бир чектөө коюуга муктаждык барбы?

— Демократия деп эле жатабыз. Клиптерди карасак, көпчүлүгү ийне сайдырып алып, өзүн-өзү өлтүрүп, секирип, ыйлап жаткан, стресске түшүп жаткан көрүнүштөр бар. Аны көргөн адамдар жакшы таасир албайт. Бир күнү менин кичинекей кызым терезени карап, ыйлап олтурат. Эмне балекет болду экен десем, клиптен үйрөнүп алыптыр. Бул көрүнүш балдарга да таасирин тийгизип жатат. Көз аркылуу адамдын жүрөгүнө маалымат келет. Ушул маалымат алтын булакпы же таштандыбы, биз аны билбей жатабыз. Үлгүрө турган болсок, ресурс жетсе бул жагын да колгон алсакпы деп жатабыз. Өзбекстанда темир кол башкарат. Аларда мамлекет лицензия бербесе, ырчылар тойго да ырдай албайт. Мамлекеттин кызматын биринчи орунга коёт. Бизде Ала-Тоо аянтында кандайдыр бир иш-чарага келип ырдап берүүсүн сурансак, тоюм бар эле, мынча миң доллар эле” деп, баш тартышат. Эрке заман болуп жатпайбы. Бара-бара бул жагын колго алыш керек. Албетте, “эркиндик, каалагандарын тарта беришсин” дегенибиз менен балдарыбызды жоготуп жатабыз. Балдарыбыз ушундан тарбия алып жатат. Анча мынча ырчылар таарынбасын, бирок бул кулагына күмүш сырга.

“Мамлекеттик кызматта ыймандуу адамдар көбөйүп келе жатат”

-Кээ бир мекемелер семинар өтүп берүүмдү айтып, чакырып калышат. Чакыруусу жок барып, кеңеш берүү —  бул дагы адепсиздик. Мамлекеттик кызматкердин жоопкерчилиги өтө чоң. 43 кө чыктым, күзгүдөн карасам, ак чачтар көрүнүп жатат. Ак чач – өлүмдүн, жашоонун чектелүү экендигинин белгиси. Бул күндөр да өтөт. Сен азыр айга алкынган, күнгө күүлөнгөн күндөрүң да өтөт. Бирок, ушул күндөрдөгү Жараткан берген жакшылыктарга жооп берчү учур келет. Мамлекеттик кызмат – бул пайдаланып кал деген жер эмес. Кудайым анын бетин ары кылсын. Акыретти айтсаң, көпчүлүгү молдокелердин сөзү дейт. Акыретти ойлобосо бул маселе чечилбейт. Эгерде мен азыр үйүңүзгө барып, чөнтөгүңүздөгү 100$ уурдап кетсем, анда сиздин жана бала-чакаңыздын акысына кирем. Бирок, мамлекеттин казынасынан бир тыйын алган адам 6 000 000 адамдын акысына кирет. Акыретке барганда 6 млн адам кечирмей сайын, кантип бейишке кирет? Кеп мына ушуда болуп жатат. Ушунчалык  такыба адамдар болгон. Өлүп баратып, падышалар болгон өзүнүн менчик багын мамлекетке өткөзүп бергендер. Мен мамлекеттин казынасынан акча алып, айлык алып жашадым. Ошону актадымбы же актабадымбы, тиякка барганда кантип жооп берем деген ойлор болгон. Андан көрө өзүмдүн байлыгымды да бере кетейин дешкен.  Балким, ушу менен кутуламбы дейт. Чөп эле, уй эле болуп калсам топуракка айланып кетет элем, менден эч ким эс нерсе сурабастыр дегендер болгон. Бир жагынан мамлекеттик кызмат – сыймык, даража. Бирок, бул жагын дагы ойлонуш керек. Бир жагынан мамлекеттик кызматта деле ыймандуу адамдар көбөйүп келе жатат. Билинбегени менен кудайга шүгүр.

 

Жазган: Махбуба Сайпилаева

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM