Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 жаңы учур катталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Коронавирусту жуктургандардын бири Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келгендерден катталган. Өлкө боюнча жалпысынан 14 киши бул вирусту жуктурду.
Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими кирди.