Биз менен байланышыңыз

Баткен: бүтпөгөн чек ара чыры

Коом | 4 Июл 2019 | 957 | 0

Кечээ, 3-июлда Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын эли кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух-Исфара жолун бууп алышкан. Буга Кыргызстандын жаранын Тажикстандын атуулу таяк менен башка чаап качып кеткени себеп болгон. Кол салган тажик белгисиз тарапка тарапка из жашырган. Ал эми жабыркаган адам Самаркандек айылдык ооруканасына жаткырылган.

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жол тосуу кыргызстандык ишкер Абдыжапар Жанжигитовго тажик жаранынын Тажикстанга газ сатпоосун талап кылып, кол салуусунан кийин башталган. Тажик улутундагы адам окуя болгон жерден Тажикстандын Исфара районун көздөй качып кеткен, ал арада Ак-Сай айылынын тургундары Ворух-Исфара жолун бууп алышкан. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен  байланыш бөлүмүнүн улук офицери, капитан Асылкерим Ажиев берди.

— Окуя 3-июлда саат 14:30 чамасында катталган. Ал жерде дароо эле 16:00дө эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Түнкү саат экиде Исфара-Ворух жолу ачылып, каттамдар толугу менен жүрүп баштаган. Бүгүнкү күнү чек ара тилкесинде абал туруктуу, жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми окуя орун алган Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Эргеш Ниязакуновдун айтымында, учурда абал туруктуу. Эл күндөгүсүндөй тиричилигин улантып жатат. Мындан тышкары, жабыркаган адамдан кабар алышканын, абалы канааттандыраарлык экенин маалымдады. Ошондой эле, тажик жаранына тиешелүү чара көрүү үчүн коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдонгонун билдирип, буларга токтолду:

— Азыр акыбал туруктуу, элдин маанайы жашы. Ак-Сай айылынан он адам президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга Баткен шаарына кетти. Бирок, азырынча эмне маселе козголгону тууралуу кабарым жок.

«Чек ара маселеси эгемендик алган күндөн тартып, толук чечилбей келе жатат. Бул — президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш көзөмөлүнө алып, коңшу мамлекет менен бирге каралчу иш», — дейт Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров. Ал эми чек арага жакын жайгашкан эки өлкөнүн тургундарынын ынтымагын чыңдоо максатында Баткен облусунун жетекчилиги буга чейин Тажикстандын Исфара районунан 18 пенсионерди Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын бирине жиберсе, Тажикстандын Согди облусунун жетекчилиги Баткен облусунан 20 окуучуну жайкы эс алуу лагерине чакырган.

— Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусуна иш сапары жүрүп жатат. Иш сапардын алкагында чек ара аймагында жашаган элдин суроо-талабына жооп берди. Жергиликтүү жана борбордук деңгээлдеги жетекчилерге бир топ тапшырмаларды берди.

Жогоруда Акрам Мадумаров белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков Баткен обулусуна иш сапары менен барды. Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда негизги көйгөй чек ара маселеси экенин айтып, учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, президент Дүйшөмбүгө жасаган расмий сапарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бир пикирге келгенин, жакында ал Кыргызстанга келип, сүйлөшүүлөр уланарын айтты.

— Кыргызстандын аймагы, айылдары — көңүлүмдө. Анын ичинде Баткен — жүрөгүмдө. Себеби, бул облус — географиялык жактан борбордон алыс, шарты оор, абдан көп социалдык-экономикалык маселелери бар. Канчалык оор шартта жашасаңар да түшүнүп, сабырдуулук менен кабыл аласыңар, буйруса, бардык маселелерди чечебиз, көңүлүбүздө болот.

Белгилей кетсек, президент  чек ара маселеси эртеби, кечпи сөзсүз чечилерин, ал  үчүн убакыт, сабырдуулук керектигин айтты. 30 жылдан бери келе жаткан маселе убакытты талап кыла турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM