Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин иши: Саясатчыларды сынаган сурактар

Саясат | 22 мая 2019 | 655 | 0

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши ушул жылдын башында кайра жанданып, учурда жооптууларды суракка чакырып, айрымдары камакка алына баштады. Алсак, 21-май күнү мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов суракка чакырылып, камакка алынган. Буга чейин Азиз Батукаевге айыккыс ак кан оорусу менен ооруйт деп бүтүм чыгарган дарыгерлер, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камалган болчу.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов: «Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 28 адам жоопкерчиликке тартылышы керек», — дейт. Мындай бүтүмдү ошол кездеги депутаттык комиссия чыгарганын айтат.

— Учурунда бул маселе көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгынын негизинде 7-8 пункттан турган токтом кабыл алынган. Ал документке ылайык, 28 кызматтык адамга юридикалык баа берилиши керек болчу. Бул иште Башкы прокуратуранын, соттун, Президенттик Аппараттын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын күнөөсү бар. Бул органдар баары биригип, уюшуп алып жасашкан.

Эми жогоруда айтылган кызматтарды ошол кезде жетектеп тургандарга келели. Мыйзам боюнча камакта жаза өтөп жаткандардан ким жана кандай учурда бошотулары боюнча атайын токтом бар. Анын негизинде Жазаларды аткаруу кызматы карап, дарыгерлердин аныктамаларын чогултат. Ал документтер толук болгон соң, сотко жөнөтүлөт. Ал эми Азиз Батукаевдин ишинде анын ак кан оорусу менен ооруганы боюнча аныктамалар бир эмес, бир канча медициналык комиссиянын чечими менен бекемделген. Ошол себептүү мында прокуратуранын эч кандай күнөөсү жок экенин ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова айтты.

— Дарыгерлер корутунду чыгарып жаткандан кийин, ал чечими үчүн өздөрү жооптуу болот. Ал жерде бир эмес, бир канча комиссиянын корутундусу болгон. Бөлөк маселеге келсек, бүгүн ал учурда фальсификация болгон деп жатышат. Аны ким кылып, ким буйрук бергени боюнча тергөө кызматы текшериши керек. Ошол учурда сотко документтер толук келгени үчүн баары мыйзамдуу болгон деп айта алам.  

Мурдагы башпрокурор ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев тарабынан эч кандай көрсөтмө же буйрук болбогонун айтып, азыр жүрүп жаткан тергөө иштеринин алкагында суракка чакырылбаганын белгиледи.

Эми Акыйкатчы институнун жоопкерчилигине келсек, соттолгондордун жана камалгандардын укугун коргоо боюнча эл аралык конвенция бар. Кыргызстан да бул документти ратификациялаган. Анда айтылгандай, оорунун айынан өмүрүнө коркунуч келтириле турган жагдай жаралса, аны боштондукка чыгарып, жакын туугандарына өткөрүп берүү керек. Бул фактыга таянып, ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн жана өзү жетектеген институттун күнөөсү жок деп эсептейт. Анткени, Акыйкатчы институту коомдук уюм, эч кандай чечим чыгара алмак эмес. Турсунбек Акун 100 миң доллар алды деген маалыматты четке кагып, «Аны Атамбаевдин тарапташты ойлоп тапкан», — деди. Бул иш президенттин тапшырмасы менен болуп, анын башында 3 адам турганын, калган тиешелүү жетекчилер аткаруучу болгонун айтты.

— Бул иштин баары бир күндө болгонуна караганда, президенттин буйругу, аралашуусу менен болгон. Ал өзү башында турбаса, бул ишке ашпайт болчу. Батукаевдин чыгып кетүүсүндөгү негизги 3 адамды айта турган болсок, алар: Алмазбек Атамбаев, Данияр Нарынбаев жана Бусурманкул Табалдиев. Калгандары аткаруучулар болгон. Мени мурда 100 миң доллар алган деп жатышкан, кийин 200 миң доллар деп жатышат. Бул Атамбаевди жактагандардын мага карата жасаган каралоосу.

Ошол кездеги Президенттик Аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев менен байланышканыбызда, ал сурактын купуялуулугу үчүн азыр маалымат бере албай турганын айтты. Азыр бул иште Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү болгону айтылып жатканы менен, экс-президент кемчилик эми эле камакка алынган ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атахановдон кеткенин буга чейин айткан жайы бар.

Мурдагы премьер-министр, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов Батукаевдин бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаев менен Шамил Атахановдун сүйлөшкөнүн угуп калган. Анын белгилешинче, Атаханов экс-президентке Батукаев көптөн бери камакта отурганын, эч кимди өлтүрбөгөнүн жана ооруганын себеп кылып, боштондукка чыгарууну сунуштаган.

— «Батукаев көптөн бери камакта отурду, ооруп жатат», — деп Атамбаевге маалымат берди. Ошондо президент мыйзамдуу түрдө чечкиле деген. Менин билгеним ушул. Андан кийин такыр аралашкан да эмесмин.

Мындан сырткары, Жазаларды аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы Зарылбек Рысалиевдин да күнөөсү бар экени сөз болгон. Анткени, Батукаев түрмөдөн чыккан соң, аталган кызмат жоопкер эмес болгонуна карабай, аны аба майданга чейин күзөтүп келгени айтылган. Андан тышкары, Чек ара кызматынын ошол кездеги башчысы Токон Мамытовду да жоопко тартуу керектиги көтөрүлгөн. Себебин Азиз Батукаевге өлкө аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынганы менен байланыштырышкан. Бирок алар менен байланышып, өз пикирин угууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Ички иштер министрлиги тергөө иши дагы уланарын айтты.

Кошумчалай кетсек, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык соту «айыккыс ооруга чалдыккан» деген бүтүм менен мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM