Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө туристтик мезгилдин ачылышы болду

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 432 | 0

Бүгүн, 18-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында «Ысык-Көл — 2019» эл аралык туристтик жарманкеси өтүүдө. Иш-чаранын расмий ачылышына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышып, Кыргызстанда туризмдин өсүшү байкалганын билдирди.

«Дүйнөдө туристтердин агымы рекорд жаратканын эл аралык туристтик уюмдар билдирүүдө. Ошондой эле, туризмдин үлүшү ички дүң өндүрүмдүн 10 пайызын түзүп, экономиканы жогорулатууга салым кошууда. Ошондуктан, Кыргызстан да артта калбашы керек. 2018-жылы ички дүң өндүрүм 27,8 млрд. сомго чыкты, чекене соода 4 млрд. сомго көп болду», — дейт Өмүрбекова.

Бүгүнкү иш-чарага Маданият, маалымат туризм министри, бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү жана башка облустардан келген ишкерлер, пансионат ээлери катышууда.

Андан сырткары, эл аралык жарманкеге Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Грузия, Монголия жана Азербайжан мамлекеттеринен да компания ээлери чакырылган.

Бул иш-чарада чет элдик коноктор менен жайкы туристтик мезгилде ар тараптуу келишимдер түзүп, кызматташууга жол ачылат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM