Биз менен байланышыңыз

Бир оператордон башка операторго чалуунун баасы төмөндөдү

Коом | 25 Апр 2019 | 830 | 0

Бир мобилдик оператордон башка мобилдик операторго чалуунун баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөш агенттигинин статс-катчысы Айбек Мамыралиев билдирди. Анын айтымында, мурда эки башка операторлордун бири-бирине болгон байланышы 5 сомго жакын болсо, ушул жылдын 1-январынан тартып 3 сомго түшкөн.

— Атаандаштыкты өнүктүрүү тармагында мобилдик операторлордун ортосундагы байланыштын баасын төмөндөтүүгө жетиштик. 2019-жылдын 1-январынан 3 сомго, 1-июндан тартып 2 сом 50 тыйынга төмөндөйт. Ал эми 2020-жылдын 1-январында бул баа 2 сом болот. Маалым болгондой, буга чейин мобилдик операторлордун бири-бирине болгон байланышынын баасы 4-5 сом болуп келген.

Бул маселени буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Эргешов да көтөрүп чыккан. Ал чалуулардын баасы коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бир топ эсе көп экенин айтканы бар. Ал эми, «Жарым жылда 50 тыйындан түшүп турганы, 2 сом болгонго чейин көп убакытты талап кылат», — деп, буларга токтолду:

— Алар бул боюнча мага кат жөнөтүшүп, өздөрү ич ара келишкенин айтышкан. Каттагы маалыматтарга караганда, ар жыл сайын 50 тыйындан түшүп турат экен. Азыр 3 сомго чейин түшкөнү жакшы. Менин билишимче, чалуу баасы 5 сомго чейин болчу. Эгерде, ар жарым жылда 50 тыйындан түшүп турса, Казакстандагыдай абалга жеткенге чейин дагы көп бар. Маселен, Казакстанда интернет баасы да арзан. Жылына 2 миң сомдон. Ал эми бизде айына 1000 сом деп эсептесек, жылына 12 миң сом болуп, 6 эсе кымбат болууда.

Бизнес-консультант Азамат Аттокуров: «Азыркы учурда байланыштын көбү интернет аркылуу болуп жаткандыктан, бааларды кармап турууда эч кандай пайда жок», — деген ойдо.

— Кардарларын кетирбөө максатында операторлор башкаларга болгон бааны кымбат кармашат. Менимче, мындан майнап чыкпайт. Анткени, азыр баары эле интернеттик байланыш: вотсапп, месенжерди колдонушат. Бааларды 5 сомдо кармап турууга негиз жок деп ойлойм.

Деген менен эки башка операторлордун бири-бирине болгон чалуунун баасын төмөндөтүү Орусия, Казакстан сыяктуу сыртка чалууларга да таасирин тийгизет. Мындай оюн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов билдирди. Анткени, сыртка чалуулар ушул интерконнект тарифи аркылуу эсептелет.

— Бизде көпчүлүгү бир оператордон башка операторго чала бербейт. Учурда баарында эле эки, төрт сим карталуу телефондор бар. Айтайын дегеним, мобилдик операторлор эки башка оператордун чалууларынан түшкөн акчадан эмес, сыртка чалуулардан пайда табат. Башкача айтканда, Орусия сыяктуу сыртка чалууларга тарифти сунуштаарда, алар бизде чалуулар маселен 5 сом деп айтып, ага дагы баа кошот. Эгерде ошол 5 сом түшө турган болсо, демек, сыртка чалуунун баасы да төмөндөйт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылга карата мобилдик операторлордун бири-бирине болгон чалуулары 2 сомго чейин түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM