Биз менен байланышыңыз

Казакбаев спикерди Казакстанга барып келүүгө чакырды

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 878 | 0

«Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча парламент маселе көтөрбөй жатабыз». Мындай пикирин депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты. Ал өкмөт мүчөлөрүнөн тийиштүү маалыматтарды угууну талап кылды. Ошондой эле бул маселени өкмөт чече албай жатса спикер Дастанбек Жумабековду Казакстанга иш сапары менен барып келүүгө чакырды.

-Парламентке кыргыз-казак чек арасындагы маселени караган тийиштүү өкмөт мүчөлөрүн чакырып маалымат угалы. Эгер өкмөт такыр эле чече албай жатса өзүңүз (Дастанбек Жумабеков) иш сапары менен Казакстанга барыңыз. 

Спикер Дастанбек Жумабеков кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Бажы кызматынын жетекчиси баштаган кызматкерлер Казакстандын борборуна учуп кеткенин кабарлады. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн айтты.

Экономика министрлиги 3-апрелде билдирүү таратып, казак тараптан көрүлгөн кошумча көзөмөл чаралар Евразия экономикалык биримдигинин укуктук ченемдерин бузуу болуп саналарын айткан. Ошондуктан ЕАЭБтеги комиссиядан министрлерди чакыртып аларын эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM