Биз менен байланышыңыз

Кытай Измирдеги башкы консулдугун убактылуу жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 625 | 0

Кытай Түркиянын Измир шаарындагы башкы консулдугун убактылуу жабуу чечимин кабыл алды. Буга Пекин менен Анкаранын ортосундагы мамилелер себеп болгон. Мындай маалымат Кытайдын Түркиядагы элчилигинин билдирүүсүндө айтылат.

«Кытай 2019-жылдын 28-февралында Измирдеги консулдугун жабуу чечимин кабыл алды жана бул тууралуу Анкарага да маалымат берди. Ал эми Түркия тарап бул аракеттерди түшүнүү менен кабыл алганын айткан. Измирдеги элчиликтин ишин Анкарадагы элчиликтер аткарат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, февралдын башында Түркиянын Тышкы иштер министринин өкүлү Кытай өкмөтүн Синьцзян-Уйгур автономдуу облусундагы уйгурлар үчүн ачылган концлагерди жабуу жана ал жерде мыйзамсыз кармалып тургандарды бошотууга чакырган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM