Биз менен байланышыңыз

10 күндөн соң жол эрежесин бузган айдоочуларды камералар каттоого ала баштайт

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 445 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 2019-жылдын 12-февралынан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларды камералар каттоого ала баштайт.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыктар боюнча өткөргөн кеңешмеде айтылган маалыматтарга ылайык, Бишкектеги Бөкөнбаев – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, Лебединовка айылында 7,6 чакырым, 10 чакырым чекте, Байтик Баатыр жана Манас көчөлөрүндө аппараттык-программалык комплекстер орнотулган. Бул комплекстер тесттик режимде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 8-январынан тарта Бишкек шаарынын 10 жол кесилиши үчүн жабдуулар алып келинген. Ошондой эле 17 стационардык чекти жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстерди жабдуу иши башталган.

Учурда долбоордун кийинки фазаларына уруксат кагаздарын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле белги салуу жана жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу 4 баскычка бөлүнгөн. Бишкектеги 38 кесилишке фото жана видеожабдуу жана 4 стационардык чектик аппараттары орнотулат. Анын ичинде Чүй облусу боюнча 48 стационардык чектик жана 20 көчмө чектик аппараттарын орнотуу пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM