Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусия менен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү пландап жатат

Кыска кабар | 27 Янв 2019 | 496 | 0

Кыргызстан менен Орусия өлкөнүн түштүк аймагына соода-логистикалык борборлорду түзүүнү макулдашты. Ал борборду Өзбекстан менен биргеликте ишке ашыруу каралууда.

Жакында Кыргызстан менен Орусиянын Экономика министрликтеринин видео конференциясы болгон. Ага Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов жана Орусиянын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Сергей Горьков жана башкалар катышкан.

Конференциянын алкагында энергетика, билим берүү, унааларды жана товарларды жеткирүү, өнөр-жай, айыл чарба, миграция маселелери дагы талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM