Connect with us

Кытайга аткезчилик менен ташылган эшектин териси табылды

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 678 | 0

Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан Кытайга аткезчилик менен ташылган эшектин териси табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайты кабарлайт.

2019-жылдын 22-январында “Нарын” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Торугарт” алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Кайтыга бара жаткан автоунаада ондатрдын терилери менен каптардын астында жалпы салмагы 11 тонна декларацияланбаган эшектин териси табылды. Эшектин терилери ондатр териси катары декларацияланып, жашырылган.

Табылган терилердин наркы 500 миң сомду түзөт. Бул факты боюнча материалдар Нарын облустук Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына тапшырылды. Ошондой эле Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM