Биз менен байланышыңыз

7 айда 280 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 561 | 0

7 ай аралыгында 280 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул Бишкек шаарына орнотулган 4 көзөмөл камерасына катталгандары гана. Мындай маалыматты бүгүн “Малекеттик башкаруунун жана кызмат көрсөтүүнүн инновациялары” аталышындагы конференцияда “Инфоком” малекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, текшерип көрүү үчүн 4 көзөмөл камерасы орнотулган. Анын көзөмөлүнөн бул аралыкта жалпы 6 млн транспорт каражаты өткөн.

Кошумчаласак, ушул тапта камералар шаардын башка көчөлөрүнө да  орнотулуп, жол эрежелерин бузгандарды каттоо үчүн аппараттарга программалар орнотулууда.

Февралдын башында камералар өндүрүштүк режимде ишке киришип баштайт. Тагыраагы, камералар эреже бузгандарды каттап, протоколдор түзүлө баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM