Биз менен байланышыңыз

Ошто 2 жашар баланын өлүмүнө шектүү камакта калтырылды

Кыска кабар | 13 Янв 2019 | 545 | 0

Ош шаарында кайнисинин 2 жаштагы уулунун өлүмүнө шектелип кармалган аялдын балдары убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылды. 12-январда Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап, тергөө бүткөнгө чейин 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ал эми шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү келин базарда арабанын жардамы менен мөмө-жемиштерди сатып каражат тапчу. Ал эми жолдошу устачылык менен алектенип жүргөн.

Камакка алынган келиндин жалпы 5 баласы болгон. Алардын бири туугандарынын колунда. Бул үй-бүлө 4 баласы, эжесинин кызы, кайнисинин 2 баласы менен 1 бөлмөлүү үйдө жашап келген.

Каза болгон баланын ата-энеси ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Ал эми атасы Орусияда эмгектенип жүргөн. Ал 2018-жылдын 30-декабрында кеткени, окуядан кийин кайра келген.

Эске салсак, Ош шаарында 2 жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалган. Наристе 10-январь күнү саат 15:00 чамасында Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Бирок дарыгерлер ал жолдо каза болгонун айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM