Биз менен байланышыңыз

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга 10 млн доллар грант бөлөт

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 495 | 0

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант иретинде 10 млн доллар бөлөт. Бул каражат азык-түлүктү жана тамактанууну жакшыртуу үчүн климаттын өзгөрүшүнө көнүгүү иш-чараларына жумашалат. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРдагы директору Андреа Баньоли маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, долбоорго Баткен, Ош жана Нарын облустарынын 100 миңден ашык тургундары катышат. Анын алкагында сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө, айыл чарба жерлерин суу жээктерин бекемдөө жана дамба куруу менен сел жана суу ташкындарынан сактоо аракеттери көрүлөт.

Каражаттын биринчи бөлүгү 2019-жылдын апрель айында которулуп, долбоор үч жылдын ичинде аткарылат. Жашыл климаттык фонд долбоордун ишке ашуу мөөнөттөрүн дыкат көзөмөлгө алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM