Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бишкекте абанын булганышы боюнча өзгөчө кырдаал киргизилсин

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 675 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жанарбек Алымов калаада абанын булганышы нормадан 20 эсе ашканын, эмне себептен өзгөчө кырдаал киргизилбей жатканы боюнча мэрге суроо узатты.

Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат экология маселеси менен алектенген конкреттүү мекеме түзүүнү сунуштады.

Шаар мэри Азиз Суракматов Бишкектеги абанын булганышы боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоого муктаждык жок экенин айтты.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, абанын булганышы нормадан 20 эсе ашканы тууралуу маалымат расмий эмес экенин, расмий маалымат боюнча 2-3 эсе гана нормадан ашканын белгилейт.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева кийинки жылды экология жылы деп атоо сунушун киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM