Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас шаарындагы № 2029-аскердик бөлүгүнүн жеке курамы үчүн көп батирлүү турак-жайдын курулушу менен таанышты.
24-батирлүү турак-жайдын курулушу 2016-жылы башталган. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, жасалгалоо иштери жүрүүдө.
Абылгазиев өкмөт тарабынан күч жана укук коргоо түзүм кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга чоң көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.