Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Баңгизаты менен кармалган адам имам эмес

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 666 | 0

Өзгөндүн Жылалды айылында 37,6 грамма баңгизаты менен кармалган адам имам болуп иштебейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы билдирет.

Кармалган адам буга чейин да Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы түзүлүшүндө иштеген эмес.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында имам баңгизаты менен кармалды деген маалымат тараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM