Кыргызстанда жылына 45 миңдей түгөй никеге турат, анын 20 пайызы ала качууга байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште акыйкатчы Токон Мамытов отчет берип жатып билдирди.
Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн 20 пайыздын 6 пайызы күч колдонуу менен ишке ашат.
2014-2015-жылдары ала качуу фактысы боюнча 72 иш козголгон. Алардын ичинен ар бир бешинчиси тараптарды кабыл алуу менен аяктаган. 2017-жылы сотко 13 иш өткөрүлүп берилген.