Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектептер 53 пайыз көмүр менен камсыз болгонун кабарлады. Август айынан тарта билим берүү уюмдарын күз-кыш мезгилине даярдоо максатында штаб иштеп жатат.
Анын алкагында мектептин от казандарын, жылытуу системасын оңдоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, 46 мекемеге көмүр алуу боюнча конкурс жарыялоо пландалган.