Биз менен байланышыңыз

Өкүл аталарга бай кыргыз саясаты

Саясат | 2 Окт 2018 | 1849 | 0

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков баласын үйлөнтүп уул-келинине өкүл ата кылып Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду шайлаган.

Ахматбек Келдибеков уулу Бекболотту сентябрь айынын аягында үйлөнтүп, тоюн Бишкекте өткөргөн. Көп өтпөй айрым интернет сайттар Келдибеков уул-келинине Райымбек Матраимовду өкүл ата кылганын, тойго бир топ саясатчылар келгенин жазып чыгышты. Социалдык түйүндөрдө болсо Матраимовдун өкүл ата болушу талкууга түштү. Биз бул боюнча Ахматбек Келдибековдун өзүнөн комментарий алдык.

— 50дөн ашкан куракка чейин канча адам менен мамиле түзсөм, алардын жакшылыгына күбө болгон болсом, мен ошол адамдардын баарын тең бөлбөй-этпей чакырдым. Сый конок катары баарына айттым. Өкүл ата кылып Райым Матраимовду суранып койдум. Райым Матраимовдор анын раматылык апасы, бир туугандары менен мамиле түзгөнүмө 20-30 жыл болду десем жаңылышпайм.

Келдибеков «Матраимов жубайы менен келип, өкүл аталык милдетин аткарып келиниме жоолук салды» деп, «автоунаа сындуу баалуу белектерди берди» деген сөздөрдү четке какты. Ал эми Келдибековдун Матраимовду уул-келинине өкүл ата кылышы кыргыз саясатындагы куда-сөөктөр, өкүл ата маселесин козгоду. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев өкүл ата институту кызматтан көтөрүлүү жана бирин-бири колдоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтып жатат.

— Биздин коом тууганчылык, жердешчилик жана башка карым-катыштын баарын жашоонун деңгээлинде кармабай саясатка аралаштырып жиберүүдөбүз. Мунун эң жаман жагы ошол. Өкүл ата, өкүл бала болушат. Өкүл ата кылып таасирдүү жерде иштеген адамды коёт, анан өзү ал жакта жүгүрүп иштейт. Жөн эле барып сиз мага жардам бериңиз дегенден көрө өкүл бала болуп алыш бул шылтоо болуп жатпайбы.

Эми бири-бирин өкүл ата кылып же балдарына өкүл ата шайлап алган мамлекеттик кызматкерлер менен саясатчылардын айрымдарын эле тизмектесек. «Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов экс-премьер-министр Темир Сариевди өкүл ата кылган. «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаровдун өкүл атасы экени белгилүү.

Мамлекеттик кызматта иштегендер менен саясатчылардын бири-бирин өкүл ата кылып алышы кызыкчылыктар кагылышын жаратат дегендер четтен чыгат. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков мамлекеттик жумуштагы мындай байланыштар баарынан мурун экономикалык багытка таасир этет деген ойдо.

— Кызыкчылыктар экномикалык маселелерде болот. Мисалы тендер өткөндө, конкурс болуп жатканда таасир этет. Ал эми саясатта өз киши деген болбойт. Бардыгы кызыкчылык болот. Кызыкчылык бар болсо ишти кайсы кишилер менен алып барасың, кайсы кишилер менен иштейсиң, баары чечилет.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков менен депутат Алиярбек Абжалиев кан куда экени көпчүлүккө маалым. Жээнбековдун кызы менен эл өкүлүнүн уулунун өкүл атасы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков экени айтылып жүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев буга чейин оюн-чыны аралаш мамлекеттик кызматтагы өкүл аталардын тизмесин түзүү боюнча сөзүн көпчүлүк азыркыга чейин эстеп жүрөт. Сарпашев учурда кыргыз саясаты куда-сөөк, өкүл ата байланышынан өтүп, партиялык кызыкчылыкка оогонун мындайча түшүндүрдү.

— Өкүл ата деген үй-бүлөлүк маселе. Анын саясатка тиешеси жок. Азыркы мезилде анын көп деле таасири болбосо керек. Учурда саясатта акчанын, капиталдын күчү көбөйүп кетти. Партиялык системага өтүп кетип, партиялаштар бири-бирин көбүрөөк колдоп жатышпайбы. Кайсы бир мезгилде саясий тепкичтен өтүп жатканда өкүл атанын таасири болгондур. Бирок азыр анда партиялардын таасири күчөдү го дейм.

Райымбек Матраимовду мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков «иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбейт» деп 2017-жылы Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошоткон. Матраимов кызматтан негизсиз алынганын айтып сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту быйыл 25-июлда Матраимовдун пайдасына чечим чыгарган. Бирок өкмөт райондук соттун чечиминин үстүнөн шаардык сотко кайрылган. Матраимов коомчулукка «Раим миллион» деген лакап ат менен белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM