Connect with us

Финсабат: Накталай эмес төлөмдөр бизнестин өнүгүшүн шарттайт

Блог | 20 Дек 2024 | 168 | 0

Бүгүнкү күндө өлкөдө накталай эмес төлөмдү колдонгондор көбөйүүдө. Улуттук банктын маалыматына караганда, 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде банк карталарын колдонуу менен 59 238,0 млн сом суммасына транзакция жүргүзүлсө, 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде 135,9 млрд сом суммасына транзакция жүргүзүлгөн. Чыгарылган карталардын саны 2 820 700 даанадан 4 660 900 даанага чейин өстү.

2019-жылдын үчүнчү чейрегинде электрондук капчыктардын жардамы менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1,6 млрд сом төлөнсө, 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде  5,2 млрд сомго төлөм жүргүзүлгөн. Электрондук капчыктардын саны 1,6 млн бирдиктен 5,4 млн даанага өстү.

Улуттук банктын Төлөм системаларынын методологиясы бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Таалайбеков накталай эмес төлөм ыкмасына төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

«Накталай эмес төлөм – бул нак акчаны колдонбой туруп төлөм жүргүзүү. Бул деген банк эсептер аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү дегенди билдирет. Төлөм технологияларынын өнүгүүсү менен накталай эмес төлөмдөргө электрондук акчалар дагы кирип калды. Аралыктан тейлөө – бул банктык кызматтарды банк бөлүмдөрүнө барбай турупк колдонуу. Аралыктан тейлөө ар кандай каналдар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Мисалы «интернет-банкинг», «мобильный банкинг».

Аралыктан төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуулугу эмнеде?

Аралыктан төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуулугу банкка баруу зарылчылыгын азайтат, убакытты үнөмдөйт, ылдамдык, операцияларды бир нече мүнөттүн ичинде жүргүзүп, төлөө процессин тезирээк жана эффективдүү кылат. Банктык жана төлөм кызматтарын кеңири аралыктан колдонсо болот. Мындан тышкары бүгүнкү күндө жарандар мобилдик тиркеме аркылуу өлкө ичинде акча которууларды толугу менен акысыз жүргүзө алышат. Анткени Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептөөчүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына Кыргызстандын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адамдардан комиссия алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салынган.

Улуттук банктын адиси Нурсултан Таалайбеков нак эмес акча жүгүртүүнүн эң башкы артыкчылыктарына токтолду.

«Банктык карталар болобу же виртуалдык төлөөнүн башка ыкмалары болобу, накталай эмес төлөмдөрдүн башкы артыкчылыктарынын бири болуп, колдонуунун ыңгайлуулугу саналат. Чоң суммадагы акчаны жанына алып жүрүүнүн зарылдыгы жок. Ошол эле учурда зарыл болгон сатып алууну өлкө ичинде да, чегинен тышкары да төлөм мүмкүнчүлүгү ар дайым бар. Ыңгайлуулук жагынан карасак, мисалы соода төлөө ишканаларында бир нерсе сатып калганда накталай эмес төлөнсө, кайтарым берүү зарылдыгы жоюлат».

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр канчалык өнүгүп жатат? Адистин жообу:

Азырк учурда Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр туруктуу өсүүнү камсыз кылууда. Мисалы банктык төлөм карталарды колдонуу менен 820 млрд сом суммасында операциялар өткөрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга өскөн. Коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары өлкөнүн соода-тейлөө ишканаларында товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн QR-коддорду кеңири масштабда орнотуу боюнча иштерди улантууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө орнотулган QR-коддордун жалпы саны 57 миң бирдикти түзөт. Пенсиялар коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу 625 миң адам же пенсионерлердин жалпы санынын 80 пайызы алышкан. Социалдык төлөмдөрдү банктык төлөм карталары аркылуу 305 миң адам же алардын жалпы санынын 99%ы алышкан. Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн 256 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын 160ында POS-терминал орнотулган. Мамлекеттик төлөмдөрдү накталай эмес түрдө төлөө боюнча иштер жүрүүдө. Ошентип, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар улантылууда.

Улуттук банктын адиси Нурсултан Таалайбеков Кыргызстанда накта эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана жайылтуу боюнча кандай кадамдар жасалып жатканы жана жарандар үчүн бул процессти кантип жеңилдетсе болору тууралуу айтып берди.

«Кыргызстанда 2003-жылдан бери накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашылырып келүүдө. Анын алкагында накталай эмес төлөмдөргө өтүүгө багытталган иш-чаралар планы бекитилген. Алсак, мамлекеттик программанын артыкчылыктуу багыттары төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алган ишкер субъекттер үчүн салыктык жеңилдетүүлөрдү киргизүү. Аймактарда төлөм инфраструктурасын жакшыртуу. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептөөшүлөрдү колдонуу инновациялык ыкмаларын киргизүү».

Мобилдик төлөмдөрдүн кеңири колдонулушу жана алардын коомдук жана жеке секторго тийгизген таасири кандай?

Мобилдик төлөмдөр өкмөткө да, бизнеске да чоң таасирин тийгизет жана натыйжасы оң. Мамлекеттик үчүн экономика ачык айкын болот. Бардык төлөмдөргө көз салуу оңой. Андыктан көмүскө схемалар азыраак болот. Салыктар оңой чогултулат. Акча мобилдик система аркылуу өткөндө өкмөткө салыктарды чогултуу оңой болот. Финансылык кызматтар жеткиликтүү болот. Алыскы аймактагылар банк кызматтарын түздөн-түз телефондон пайдалана алышат. Бизнес үчүн жумуш тезирээк жана ыңгайлуу болуп калат. Мисалы төлөмдөрдү накталай акчасыз, заматта кабыл ала аласыз жана кайтарым берүү зарылдыгы жоюлат. Көбүрөөк кардарлар пайда болот. Бизнес үчүн жаңы кызматтарды түзүү оңой. Мисалы кардар үчүн арзандатуу системаларын жана лоялдык программаларды ишке ашыруу. Ошондуктан мобилдик төлөмдөр мамлекетке да, бизнеске да жардам берет.

Учурда шылуундар нак эмес төлөм өнүккөн сайын жарандарды алдап жатканына күбөбүз. Аларга алданып калбаш үчүн эмнелерди билиш керек?

Улуттук банк жарандарды финансылык алдамчылардан коргоо максатында, онлайн кредиттерди тариздөөдө «токтотуп туруу мезгилин» киргизди.

«Токтотуп туруу мезгили» – насыя алуудан баш тартууга жана келишимди бузууга карыз алуучуга мүмкүнчүлүк берген банктын акчаны карыз алуучуга которбой турган мезгил аралыгы. Мисалы алсак, алдамчылар онлайн кредитти каттаткан учурда.

«Токтотуп туруу мезгилинин» узактыгы насыянын суммасына жараша болот:

  • 15 миң сомдон 50 миң сомго чейин – 3 саат;
  • 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин – 6 саат;
  • 100 миң сомдон жогору – 24 саат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM