Connect with us

Жыл башынан бери 130,5 млрд сомдук 1 174 объекти мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 17 Дек 2024 | 146 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жыл башынан бери жалпы баасы 130 млрд 510 млн сомдук 1174 объектини мамлекетке кайтарган. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматына караганда, анын ичинен учурда 8 млрд 963 млн сомго 44 объек сатылган.

«184 объект мамлекетке берилди. Булар пансионаттар, стадиондор, балдар лагерлери, мектептер, бала бакчалар, заводдор, соода аянтчалары жана жер тилкелери. Алардын жалпы баасы 47 млрд сомду түзөт. Бүгүнкү күндө калган 945 объект Мамлекеттик мүлк агенттиги тарабынан сатылууда», — деди ал.

Ташиев кайтарылган объектилердин баары агенттик тарабынан аукцион аркылуу сатыларын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM